
Жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.






