
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ошол эле учурда жолдун 243-чакырымынан 280-чакырымына чейинки тилкелеринде дагы таш кулаган. Учурда № 18 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен каттамды тазалоо иштерин улантып жатышат.
Азыркы тапта унаа кыймылы бир тилке боюнча жүрүүдө, өтмөк камсыздалган.
Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.






