Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине талапкер болду

Кыргыз футбол биримдигинин президентинин кызмат ордуна талапкер катары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бекитилди. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо эртең, 12-май күнү өтөт. Ал эми биримдиктин Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов бекитилген.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз футбол биримдигин Камчыбек Ташиев жетектеп келген.