Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда нөшөрлүү жамгыр жана сел коркунучу бар

Кыргызстанда туруксуз аба ырайына байланыштуу нөшөрлүү жамгыр жана сел коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 30-апрелде күндүн экинчи жарымында, ошондой эле 1—2-майда тоолуу жана тоо этегиндеги райондордо нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул мезгилде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертет.

Мындан тышкары, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Жарандарды коопсуздук чараларын сактоого, дарыялардын нугуна жакын жүрбөөгө жана тоолуу райондордо этият болууга чакырышат.