Баткенде жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө

Баткен районундагы Чоң-Кара айылында жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатканын жергиликтүү милициядан  тастыкташты.

Маалыматка ылайык 25-апрелдин кечинде милицияга жубайлар бычактан алган жаракатынан каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалганы кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, аялы 45 жашта, күйөөсү 46 жашта болгон. Алардын артында беш баласы калганы айтылууда.

Облустук милиция расмий маалымат бере элек