
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 60 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалдык баскычынан баштап, Армениянын өкүлү Артур Базеянга каршы чыгып, калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңишке жетишти (5:0). Бул жеңиштин жыйынтыгында Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты. Кийинки айлампада ал Канаданын өкүлү Кеома Аль-Ахмадиех менен күч сынашат.






