Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Курулуш министрлиги маалымат таратты

Социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканына байланыштуу Курулуш министрлиги маалымат таратты.

«Көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда. Мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет. Учурда аталган аймакта көлдүн жээгиндеги саздак участоктордун абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана грунт төгүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат.

Бул жерде колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт. Учурда Экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар толугу менен сакталууда.