
Министрлер кабинети Кыргызстандын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кабыл алынган документтин максаты – мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө, санариптик технологияларды киргизүү жолу менен конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, бош кызмат орундарына ыкчам дайындоо үчүн башкаруучу кадрлардын туруктуу резервин түзүү.
Ага ылайык, өлкөнүн мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.






