
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти. Мындай чечим уюмдун 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде кабыл алынды. Камчыбек Ташиев ал футбол биримдигинин жетекчиси болуп турганда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
“Эки жылдын ичинде 17 жаңы стадион, мекемелерди куруптурбуз. Азыр дагы 14ү курулуп жатат. Эки жылдын ичинде буга 7 млрд сомду жумшаптырбыз. Азыр дагы 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек эки жылдын ичинде футболго 14-15 млрд сом тарттык”, – деди ал.
Ал кыргыз футболундагы жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен болгонун, аны Кыргыз футбол биримдигин жетектөө сунушун да мамлекет башчы бергенин айтты.
Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынып, бир катар саясий окуялардан кийин расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланган.






