
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичке № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
БШКдан билдиришкендей, Улан Сариевге белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Эске салсак, Улан Сариев Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келди.






