
14-20-апрель күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүүдө.Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.
Турнирге жаш спортчулардан баштап, чебер ардагерлерге чейин ар кандай курактагы спортчулар катышууда.
Алгачкы эки күндө кыргызстандыктар 21 медаль (1 алтын, 9 күмүш жана 11 коло) жеңип алышты.
Фарух Мамажанов спорттук самбо боюнча 88 килограммга чейинки салмак ченинде Азия чемпиону болду.