
Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, андан тышкары блокадачылар жана концлагерлердин туткундары бар.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу жана майыптары жашайт:
- жайыл районунда – 3 ардагер;
- Бишкек шаарынын Биринчи май районунда – 3;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунда – 3;
- Аламүдүн районунда – 1;
- Ат-Башы районунда – 1;
- Сузак районунда – 1;
- Базар-Коргон районунда – 1;
- Ноокен району – 1.
Ошондой эле республикада 7 концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары жашайт: 5 адам – Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында бирден.
Мындан тышкары, 11 Ленинград блокадачылары калды: борбордо 9 адам, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында бирден адам жашайт.