
Бишкекте 11-апрелден баштап №61, №45, №35 автобустук каттамдар жүрө баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №61 автобус Киркомстром — Көк-Жар багыты боюнча жүрөт. Бул каттам шаардагы негизги райондорду аралап, окуу жайлардын жанынан өтөрү айтылды.
№45 коомдук унаа 10-кичи район — Алыкулов — 7-Апрель көчөлөрүнүн схемасы боюнча айланма жол менен жүрөт. Бул каттам №35 автобуска карама-каршы багытта болот.
Аталган каттамдарды 12 метрлик ISUZU үлгүсүндөгү газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.
Ошондой эле бир катар автобустардын схемасы өзгөрдү. Маселен, №51 автобус “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күнгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Ал эми №9 автобус Байтик баатыр көчөсүнүн ордуна Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрө баштайт.