Талас районундагы жер титирөөдөн 48 үй жабыркаган

Талас облусунда 28-марттагы жер титирөөдөн 48 турак жай жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, келтирилген зыян райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан аныкталып, акт түзүлгөн.

Жабыркаган 48 турак жайдын 31и камсыздандырылган.

Төмөнкү үйлөрдө жаракалар катталган:

Каракол айыл аймагынын Көпүр-Базар айылында 26;

Арал айылы — 12;

Үч-Эмчек айылы — 2;

Талды-Булак айылы, Шумкар-Уйский айыл аймагы — 6;

Манас айылы, Чоң-Алыш айыл аймагы — 1;

Кең-Көл айыл аймагынын Көк-Ой айылы — 1.

Эске сала кетсек, КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-мартта саат 4:42де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашкан: Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, Бишкектен 135 чакырымда жана Тараздан (РК) 135 чакырымда болгон.

Кыргызстанда калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында 4 баллга жакын сезилди