
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларына козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуу ишмердигинде аныкталган коррупциялык схема фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде айып тагылып, 2 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулду, 14 окутуучу жана жооптуу кызматкерлер дисциплинардык жазага тартылды. Ошондой эле 153 студент окуудан чыгарылды, алардын 112си КМШ жарандары болуп саналат.
Учурда кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү