Дүйнөдө кургак учуктан 80% коргой ала турган вакцина пайда болушу мүмкүн

Дүйнөдө кургак учукка каршы жаңы вакцина пайда болот. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.

“Бизде 2030-жылга чейин кургак учукту жок кылуу боюнча амбициялуу пландар бар. Буга жетүү үчүн алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо багытында жаңы инновациялык ыкмалар иштелип чыккан., – деди ал.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келерки жылы кургак учуктан 70-80% сактай турган жаңы вакцинаны убада кылууда.