Ысык-Көл облусундагы «Южный» пансионаты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Южный» пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл обласунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигинде турган Кажы-Сай айылындагы «Южный» пансионаты жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында 14 млн 988 миң сомду түзгөн «Южный» пансионатынын имараты жана 10 183 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.