Бишкектин 11-кичи районунда жылуулук өчүрүлдү

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин 11-кичи районунда саат 09:00дан 17:00гө чейин жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Мунициалитеттен билдиришкендей, мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер:11-кичирайон

№ 1,2,3,4,5,6,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27 турак үйлөр, № 94-бала бакча.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.