Дональд Трамп Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну буйруду

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну буйруду. Бул тууралуу Франс Пресс, Рейтер жана башка маалымат каражаттары Ак үйдүн атын атагысы келбеген расмий өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

«Президент тынчтыкты жактай тургандыгын ачык айтты. Биздин өнөктөштөр да бул максатка умтулушу керек. Биз жардамыбызды токтотобуз жана анын чечимге салым кошуп жатканын текшерип жатабыз», — деп айтылат Франс Пресс агенттигинин билдирүүсүндө.

Bloomberg жана Fox News тыныгуу Дональд Трамп Украинанын жетекчилиги тынчтыкка умтулуусун көрсөтүп жатканына ынанмайынча созулаарын кабарлашты.

«Бул жардамдын биротоло бүтүшү эмес, бул убактылуу тыныгуу», — деп билдирди Fox News Ак үйдүн расмий өкүлү.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, чечим Украинага жеткирилбеген бардык америкалык аскерий техникага, анын ичинде транзиттик же Польша аркылуу өтүүчү транзитти күтүп жаткан курал-жарактарга да тиешелүү болот.