
Бишкектеги үйлөрдүн бири тинтилип, дээрлик 6 кг марихуана табылды.
Бишкек ШИИББден билдиришкендей, 27-февраль күнү Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына, белгисиз адамдар баңгизаттарды сатып жүрүшөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 282-беренесине ылайык (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1989-жылы туулган Д.А., 1976-жылы туулган Д.А., аттуу шектүүлөр аныкталып кармалган.
Учурда шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Феодосий көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин тинтүү учурунда өңү жашыл түстөгү 50 даана целлофан пакетине оролгон өзгөчө жыты бар баңгизаттар табылган. Алынган баңгизаттар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик кызматынын маалыматына ылайык каннабис (марихуана) деп табылып, жалпы салмагы 5 кг 602граммды түзгөн.
Учурда тергөө иштери улантылууда.