
Италиянын борбору Рим шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришти.
Маалыматка айтылгандай, эстеликтин ачылыш аземи 27-февралда Рим шаарында өттү. Иш-чарага Эльдар Айтматов жана Италиядагы мекендештер да катышты. Долбоорду ишке ашыруунун үстүндө Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш жүргүзгөн.
Эстеликти белгилүү кыргызстандык скульптор Алексей Морозов жасаган.
Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд Чыңгыз Айтматовдун ысымы Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да татыктуу бааланарын, монументтин ачылышы Италияда анын эмгеги терең урматталып, урмат-сыйга ээ болгондугунун ачык далили экендигин белгиледи.
“Чыңгыз Айтматовдун эмгектери 1960-1970-жылдары италиянча которулуп чыккан. Азыр да Италияда жазуучунун китептери басып чыгарылып, италиялыктардын жүрөгүнөн түнөк табып жатат. Эстеликтин орнотулушу – улуу жазуучуга болгон түбөлүк сый-урматтын символу. Жазуучунун мурасы муундарды шыктандырууну улантууда”, – деп кошумчалашты фонддон.