
Түп айылында 12 жаштагы өспүрүм мал сарайда асынып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-февралда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө Түп айылынын 2012-жылы туулган тургуну өз үйүнүн жанындагы уй сарайда муунуп алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт Түп РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерде териштирүү жүргүзгөндө 12 жаштагы өспүрүм 26-февралда болжол менен саат 13:00дөр чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жип менен асынып каза болгону аныкталган.
Маркумдун сөөгүнө сырткы кароо жүргүзүлгөн учурда мойнунда жиптин изинен башка эч кандай жаракаттар аныкталган эмес.
Учурда милиция тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатканын айтты.