
Кудайберген базарынын аймагында, Патрис Лумумба жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде түн ичинде унаа тетиктерин саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда саат 02:19да П.Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган.
Мындан тышкары, райондук элекр тармактарынан 1 бригада, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж жана «Бишкек» тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт 06:04тө чектөөгө алынды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.