Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында эртең, 22-февралда Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев беттешет. Бул тууралуу Чемпионат порталы жазды.
Маалыматка караганда, беттеш Kingdom Arena стадионунда өтөт.
Бул ирет Бивол менен Бетербиев реваншта кезигет.
Мушкерлердин былтыркы жылдагы беттешинде упайлардын саны боюнча Бетербиев жеңишке жеткен. Ал бул утушу менен жарым оор салмакта дүйнө чемпиону болгон.