“Азия Моллдо” бомба коюлгандыгын айткан жалган террорист кармалды

 Бишкекте телефон аркылуу бомба коюлгандыгын билдирген жалган террорист кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 19-февралда саат 20:03 чамасында борбордук милициянын 102 бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганын, ал аз убакыттын ичинде жарыларын билдирген. Текшерүү учурунда соода борборунан жардыруучу зат табылган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Террордук акт тууралуу билип туруп жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.И кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө атайылап жалган билдирүү бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын жана 5 жылга эркиндигинен ажыратылаарын эскертет”,-деп айтылат маалыматта.