Сот аткаруучулар системасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, сот аткаруучулар капитан А.А.А. жана лейтенант М.Т.С. жеке кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз кирешелерди алуу максатында өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып, жарандардан опузалап акча талап кылуу жана алуу үчүн ар кандай шарттарды түзүшкөн.
Тактап айтканда, жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими, адатта, тараптардын биринин пайдасына чыгарылат жана сот аткаруучулар анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттүү (камакка алуу, карызды өндүрүү, карызды кайтарууга көмөктөшүү ж.б.).
Бирок, А.А.А. жана М.Т.С. бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес.
Бирок, А.А.А. жана М.Т.С. бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес.өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбоо, ар кандай маселелерди карабоо же кечеңдетүү – чек арадан өтүү боюнча чектөөлөрдү алып салуу, карызды жабуу боюнча маалыматты жөнөтпөө ж.б., оң чечим үчүн пара алганга чейин.арызды жабуу боюнча маалыматты жөнөтпөө ж.б., оң чечим үчүн пара алганга чейин.
2025-жылдын 18-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышка шектелип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат