Салыкты жөнөкөйлөттүү: Салык карызы тууралуу маалымкат жокко чыгарылды

2025-жылдын 24-февралынан тарта Кыргызстандын салык төлөөчүлөрү кыймылсыз мүлктү каттоодо же кайра каттоодо салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалымкат алуунун зарылдыгы жок болот. Бул талапты жокко чыгаруу чечимин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кабыл алды.

Чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Салык кызматы менен кыймылсыз мүлктү каттоо органынын (Кадастр) маалымат тутумдарын интеграциялоонун аркасында 2025-жылдын 24-февралынан тартып жарандар мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкат алуу үчүн салык органдарына кайрылуунун кажети жок.

Мындан ары салык карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат автоматтык түрдө «Кадастрда» жеткиликтүү болот. Карыз болгон учурда, кыймылсыз мүлктүн сатуучулары анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин, бүтүмдү дароо тариздөөгө болот.

Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун жаңы алгоритми процессти тездетүүгө жана аны ачык-айкын кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, салык органдарынан маалымкат алууну жокко чыгаруу коррупциялык тобокелдиктерди азайтат, анткени мурда жарандарга документти тездетип тариздөө үчүн кошумча сумма төлөгөн учурлар жөнүндө сигналдар келип түшкөн.

Карыз тууралуу маалымкаттан баш тартуу жарандарга кошумча документтерди чогултууга убакыт коротпостон, бүтүмдүн башка бөлүгүнө көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Бул чечим административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.