Ош мэриясына атайын техника алууга 500 млн. сом бөлүнөт

Ош шаардык мэриясына техника алууга 500 миллион сом бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, каражат Турукташтыруу фондунан берилмекчи.

Турукташтыруу фонду өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлүп, аманат жана турукташтыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд болуп саналат.