Бишкекте жарыш уюштурган блогерлерге айып пул салынды

Интернетте эки блоггер бири-бири менен жарышып жаткан видео тарады. Алардын бири интернетте «Сигма» каймана аты менен таанымал Арген Керимов.

Анын ылдам айдоо боюнча атаандашы дагы бир блогер Аман Байсеитов болгон. Алар видеону социалдык тармактарга жарыялашкан.

Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришкендей, экөөнө тең бейбаштык үчүн 15 миң сом айып салынган.

«Аман Байсеитовдун унаасы айып короого киргизилди. Арген Керимов Кыргызстандын сыртында жүргөндүктөн, анын унаасын да жакынкы күндөрү айып короого алып чыгуу пландалууда», — деп жазылат маалыматта.