Саламаттык сактоо министрлигинде 3 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде 3 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктары тууралуу баяндамасында белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, аудитор Азамат Раматилаев аталган министрликте эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалуулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш келбестиктер орун алганын белгиледи.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы бузуулардын суммасы 3 161 353,0 миң сомду түзүп, анын ичинен:

– Процедуралык бузуулар: 2 341 617,5 миң сом;

– Финансылык бузуулар: 819 735,5 миң сом аныкталып, анын ичинен:

– Бюджетти аткарууда – 561 186,10 миң сом;

– Мүлктү пайдаланууда – 4 552,70 миң сом;

– Эсеп жана отчеттуулук тартибинде – 151 505,50 миң сом;

– Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда – 102 492,20 миң сом.

Ал эми 819 735,5 миң сом каржылык бузуулардын ичинен 114 452,0 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 111 157,3 миң сом же 97,12% калыбына келтирилген.

Белгилей кетсек, каржылык мыйзам бузуу тууралуу отчет Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда бекитилип, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.