Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевди бекитти

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Чечейбаевди Саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкерлигин жактырылды.

Министрликке талапкер депутаттарга бөйрөк жана боор ооруларынын алдын алууга өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатканын билдирди.

Эркин Чечейбаев 1974-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүрүп, «профилактикалык жардам» адистиги боюнча «санитардык врач» квалификациясын алган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүндө санитардык дарыгер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорлорунда, жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүндө иштеген.

2018-жылы Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматын аркалаган.