Азия оюндары. Кыргызстандын хоккей курамасы Бахрейнди 29:0 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 5-февралда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Харбин (Кытай) шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында экинчи жеңишке жетишти. Бул тууралуу Азия оюндарынын сайтында маалымдалды.

Тайпалык баскычтын 2-турунда биздин команда Бахрейн курамасын 29:0 эсебинде утуп алды. Он төрт кыргызстандык хоккейчилер гол киргизди.

Биринчи турда кыргызстандыктар Кувейттин командасын 8:7 эсебинде утуп алган.

9-февралда Кыргыз курама командасы Сингапур курамасы менен беттешет.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.