Ош шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарга рейд жүргүздү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:

– ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө;
– жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;
– мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода түйүндөрүн, ошондой эле кызыл сызыктан өтүп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;
– тротуарларды ар кандай өзүм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу.

Алдыда жалпы шаардагы көчөлөрдү оңдоп түзөө менен талапка ылайык келтирүү иштери улантылат.