Шумкар-Уя айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары Жерүй алтын кенинин иши менен таанышышты

Шумкар- Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүй алтын кенине иш сапары менен барышты. Депутаттар ишканадагы өндүрүштүк процесстер менен таанышып, жеринде баа беришти.

Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү алтын сактоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын ишин жакындан көрүп, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринен маалымат алышты. Депутаттар өздөрүнүн суроолорун узатып, кендин экологиялык коопсуздугу, өндүрүштүн сапаты жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар боюнча жооп алышты.

Депутаттар компаниянын ишине оң баа берип, «Альянс Алтын» жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта иштеп, аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгилешти.

«Альянс Алтын» компаниясы келечекте дагы экологиялык стандарттарды сактап, жергиликтүү коомчулук менен кызматташуу багытында ишин улантат.