Бишкек шаарында белгисиз адамдар жашыруун түрдө кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, тиешелүү маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Sun Club” бильярд клубуна тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аталган имаратта кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда бильярд клубунун башка бөлмөлөрүндө кумар оюндарынын мыйзамсыз ойнотулуп иш жүргүзүлүп келгени аныкталган.
Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталган. Алар аталган жайга “өз кишилерин” гана киргизип жүрүшкөнү такталды.
Чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси –“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу” менен кылмыш ишин козгоду.
Баштапкы маалыматтар боюнча кумар оюндарынын уюштуруучусу 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган.
Шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча тергөө иштерин улантууда.
Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.
Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген.
Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.