Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда кар жаап, суук болушу күтүлөт

Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −15…-20°, түндүгүндө −19…-24°, күндүз −4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −14…-19°, Кара-Буура районунда −17…-22°, күндүз −6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6…-11°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −11…-16°, күндүз −3…-8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −20…-25°, күндүз −5…-10°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн −18…-23°, күндүз −7…-12°, тоолуу райондордо түнкүсүн −20…-25°, күндүз −8…-13°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −30…-35°, күндүз −15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −31…-36°, күндүз −15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.