Бишкекте милиционерлерди сөгүп, чуу салган киши айдоо укугунан үч жылга ажырады

Бишкекте милиционерлерди сөгүп, чуу салган киши айдоочулук укуктан үч жылга ажыратылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармакта мас айдоочунун кайгуул милиционерлерин сөгүп, “формаңарды чечкиле, мушташабыз” дегенге чейин барган видеосу тараган.

Билдирмеге караганда, А.А. аттуу 34 жаштагы киши майда бейбаштык боюнча кармалып, Lexus LX600 жолтандабасы айып короого токтотулган. Ошондой эле беш суткага камалган.

Чуу салган киши буга чейин да айдоо укугунан бир жылга ажыратылганы белгилүү болду. Шаардык милиция эми ал үч жылга чейин автоунаа башкара албай турганын маалымдады.

Видеодо айдоочу ИИМдин бардык кызматкерлеринен, жалпы элден кечирим сурап жатат.