Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүнө өрт койду

20-январь күнү Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүн өрттөп жиберди. Бул тууралуу маалымдаган жарандык активист Ыргалай Бекмуратова ал кыймылсыз мүлк маселеси боюнча адилеттик таппай, өзүн өрттөөгө барганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматты “Тез жардам” кызматы журналисттерге ырастады. Ага ылайык, өзүн өрттөгөн жаранга дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Башкы прокуратура бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда “акыйкаттык таба албадым” деген себеп менен жарандар өзүнө өрт койгон учурлар буга чейин да кездешкен.