Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар катталууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, оор респиратордук инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бейтаптардан алынган анализдин үлгүлөрү тесттик изилдөөгө жөнөтүлүп жатат.
2024-жылдын октябрь айынан бери 1144 анализ текшерилди, алардын ичинен:
– риновирус – 210;
– респитатордук сенциалдык вирус – 259;
– аденовирус – 105;
– бокавирус – 79;
– парагрипп (1,2,3,4-типтери, негизинен 3-4-типтери) – 98;
– метапневмовирустун 2 учуру аныкталды.
Метапневмовирустун жайылышын алдын алуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
– колду жуу же антисептикалык каражаттарды колдонуу;
– курч респитатордук вирустук инфекциянын белгилери байкалгандардан алыс болуу;
– Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө мурунду, оозду жабуу;
– Курч респитатордук вирустук инфекциялардын көрсөткүчүнүн сезондук жогорулашында беткап тагынуу, коомдук жайларда социалдык аралыкты сактоо керек.
Маалыматтар боюнча, метапневмовирус инфекциясынын козгогучтары 2001-жылы респитатордук ооруга кабылган балдардын канын изилдөө учурунда табылган.