31-декабрда Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районуна караштуу Алдаркино айылынын жанында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып, унаа ташыган машинаны сүзүп алган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.
Россиянын компетенттүү органдарынан алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны каза болгон. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. 1 жашы жете элек бала денесинен жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери менен байланыш түздү.
Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам жөнөп кетишти.