“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун тазалоону жана туз чачуу иштерин баштады.
Учурда, линияда “МАЗ” базасындагы 29 атайын техника, 4 HOWO, 24 “Беларусь” трактору, 4 “Бопкат” трактору, 2 алдыңкы жүктөгүч жана 4 универсалдуу техника бар.
Жолдорду кардан тазалоого ишкананын 700гө жакын кызматкери тартылган. Алар тротуарларды, жол четиндеги бордюрларды тазалашууда.