Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы жаңы имарат улуттук коопсуздук органдарынын турмушундагы маанилүү окуя болуп, натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөөрүнө үмүт артарын билдирди. Ал улуттук коопсуздук органдарынын калыптануу тарыхы 1918-жылдан башталганын, ал эми Чүй облусу боюнча башкармалыгы 1991-жылы түзүлгөнүн айтты.
Садыр Жапаров көп жылдар бою башкармалык ийгиликтүү иштегенине карабастан, бул мезгилдерде өзүнүн туруктуу административдик имараты жок болгондугу милдеттерди толук аткарууну кыйындатканын белгиледи.
Президент ошондой эле башкармалыктын жайгашуусунун татаал тарыхына токтолду: Токмокто иштегенден баштап, Антитеррордук борборунун мекемесинде жайгаштырылганга чейин бир объекттен экинчи объектке өтүүгө мажбур болгон. Албетте, кыйынчылыктарга карабастан Башкармалыктын негизги функциясы – конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризмге каршы аракеттенүү, контрчалгын, маалымат-аналитикалык талдоо иштери үзгүлтүккө учураган эмес. Ошентсе да, ал мындай кырдаал Чүй облусу сыяктуу калкы көп аймактагы контрчалгындоого жооптуу звено үчүн имараттын жоктугу кайсы бир деңгээлде толук кандуу иш жүргүзүүгө өз кедергисин тийгизип келгенин айта кетти.
Мамлекет башчысы ушундан улам 2022-жылы демилге көтөрүп, жаңы имаратты курууну тапшырганын, бул долбоордун ишке ашуусун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев өз колуна алганын белгиледи. Натыйжада, жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзгөн, керектүү материалдык-техникалык жабдуулар алынып, кызматкерлердин толук кандуу иш алпарышына бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы имарат пайда болду.
Президент Чүй облусу жөнүндө айтып жатып, анын маанисине токтолду, расмий маалыматтарга ылайык, көп этностуу Чүй облусунда 1 069 000 адам жашайт. Бирок облустагы ички жана тышкы миграциянын абдан чоң деңгээлине байланыштуу, иш жүзүндө 1,5 миллионго жакын эл бар. Бул өлкө калкынын жалпы санынын 21 пайызын түзөт. Ал белгилегендей, мындай көлөмдөгү иш менен чекисттер үчүн жаңы имараттын болушу абдан маанилүү эле.
Президент бул жаңы административдик имараттын ачылышы менен Улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдыгы артып, ички-тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогоруларына ишенерин билдирди. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жалпы кызматкерлерин алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен да куттуктап, аларга чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалады.
Андан соң мамлекет башчысы жаңы имараттын инфраструктурасы менен таанышып, заманбап спорт залына, ачык асман алдындагы воркаут аянтчасына, ошондой эле ашканага барды.
Аягында президент Садыр Жапаров бул окуянын туруктуулуктун жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгилеп, башкармалыктын аймагына символикалуу түрдө карагай отургузду.