Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 15-декабрда мектептен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 18:46дан тарта 2 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.
Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парта жана башка эмеректер чыгарылып, сакталып калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.