Өткөн аптада Бишкекте Gergert Sport спорттук кийимдер дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси Виталий Гергерт кармалган. Маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты.
Өз кезегинде Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тергөө судьясынын 2024-жылдын 14-декабрындагы буйругу менен УКМКнын Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылганын ага ылайык В.Г. (Виталий Гергерт) 2025-жылдын 4-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалгандыгын билдирди.
Ишкер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка чакыруу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга пайда алып келүү максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам, байкабастыктан оор залал келтирүүгө алып келген» беренелери боюнча айыпталууда.