2025-жылдын 15-февралынан тарта Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат.
Аэропорттон билдиришкендей, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Индиянын IndiGo Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.
Соңунда тараптар Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты.
Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.