Бишкектин Безымянная жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишине төрт кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу журналисттерге вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, куруучу лифттери бар заманбап унаа токтотуучу жай жана керектүү шарттарды убада кылган.
«Ошол эле курулушчу Орто-Сай базарынын жанындагы үйлөрдүн жанына жаңы балдар аянтчасын курат. Айдоочуларга унааларды үйлөрдүн жанына коюуга тыюу салабыз», — деп түшүндүрдү ал.
Рамиз Алиев спорт аянтчасын куруу пландалып жатканын кошумчалады. «Ал жерде соода борборлору же башка имараттар болбойт», — деп убада кылды вице-мэр.