Бишкекте № 14 жана 17 троллейбустук каттамдардын ордуна автобустар ишке кирет

Бишкекте № 14 жана 17 троллейбустук каттамдардын ордуна автобустар ишке кирет. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Бул борбор калаага жаңы коомдук транспорт келери менен аткарыла тургандыгы такталган. Жаңы автобустар келерки айдын ичинде күтүлүүдө. Муниципалитет буга чейин төрт троллейбус линиясы автобуска алмаштырылганын эске салды.

Азыр троллейбустук каттамдарда No 4, 5, 8 жана 10-автобустар жүрөт.

Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен эки троллейбустук автобазага электр заряддоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы буга чейин маалымдалган. Троллейбустар жумушка тоскоол болуп, Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып жатат.