Мындан тышкары УКМК төрагасы спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды
Бүгүн, 22-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын Кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында болуп өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган турнир Орусияда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 7 медаль: 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыккан.
УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери, боманданын башкы машыктыруучусу “Калкан” атайын багыттагы башкармалыгынын улук офицери -У.Н., Ж.А. – 3-орун.
Ал эми Чек ара кызматынын кызматкерлери: А.Б.– 3-орун, А.О. –2-орун, Ж.у.М. – 3-орун, Ж.у.Э. – 3-орун, К.Д. –3-орун, К.М. – 3-орун, аталган кызматкерлердин сыйлыктары жайгашкан жери боюнча Баткен облусунда ыйгарылат.
“Ташиев мушкерлерди жеңиши менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар бир аскер кызматчысы өз милдетине ишенимдүү болуп, улуттук коопсуздукту коргоодо кызмат кылышы керектиги белгиленди”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары УКМК төрагасы спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды