Бишкек шаарындагы Псковская көчөсү, 71 дарегиндеги жүргүзүлүп жаткан демонтаж иштерине тоскоолдук жаралууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-ноябрда мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери жогоруда аталган даректеги мыйзамсыз салынган гараждарды демонтаждоо иштерин баштаган.
“Демонтаждоо иштеринин жүрүшүндө гараж ээлери тоскоолдук жаратып, бензинге окшош суюктук чачышкан. Натыйжасында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы жана атайын техникасы жабыркаган”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, буга чейин аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.