Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи күнүнүн жыйынтыгы менен кыргызстандык самбочулар эки коло медаль утту.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча Курманбек Замирбек уулу 71 кг чейинки салмак категориясында 3-орунду ээледи.
Ал эми пара самбо боюнча 79 кг чейинки салмакта Сүймөнкул Молдобеков коло медалга ээ болду.
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Күн мурун самбочулар мелдеште 3 коло медаль жеңген.